Воскресенье, 6 октября

Исфана шаары Раззаков болуп өзгөртүлөт

0

Жогорку Кеңештин депутаттары Исфана шаарын Раззаков деп өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Элчибек Жантаев мыйзам долбоорунун максаты көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун элесин түбөлүккө калтырууга багытталганын белгиледи.

2021-жылдын аягында президент Садыр Жапаров Исфана шаарына мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымын берүүгө ниеттенип жатканын айткан. Ал бул демилге Раззаковдун 110 жылдыгына карата ишке ашырыларын билдирген.

Исфана шаары — Баткен облусундагы Лейлек районунун борбору. Үч тарабынан Тажикстан менен чектешет. 2009-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгына ылайык, шаарда 30 миңге жакын эл жашайт.

Мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районунда жарык дүйнөгө келген. 1950-1961-жылдары Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы (республиканын жетекчиси) болуп иштеген. 1961-жылы кызматынан бошотулуп Москвага которулган. Ошол жерде иштеп, эс алууга чыгып, 1979-жылы каза болгон. Ал жетектеген убакта Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү жанданган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз