Понедельник, 25 ноября

Министр Бейшеналиевдин кылык-жоруктары парламентте катуу сынга алынды

0

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин хирург Эрнст Акрамовду мазактаганы үчүн кечирим сурашын талап кылды.

Депутат Бактыбек Сыдыков Эрнст Акрамовдун медицина тармагына кошкон зор салымына токтолуп, ага жасалып жаткан мамиле тууралуу кеп козгоду.

“Акрамовдун тегерегинде болуп жаткан окуялар мени түйшөлтүүдө. 85 жылдык өмүрүнүн көпчүлүгүн саламаттыкты сактоо тармагына жумшаган, улуу инсанга мындай мамиле жасоо туура эмес”, – деди Сыдыков.

Ушундай эле пикирге токтолгон эл өкүлү Камила Талиева баатырды каалагандай мазактоого жол берилбеши керектигин белгиледи.

“Белгилүү кардиохирург Калдарбек Абдрамановду да кызматтан алды деп жатышат. Министрдин этикага туура келбеген, ойлонулбаган кадамдары эл арасында сынга алынууда. Андыктан, аны тартипке чакыргыла”, – деп кайрылды Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө.

Депутаттарын пикирин төрага Талант Мамытов дагы кубаттап, «атайын мыйзамдар бар, биз түшүнүктөр менен жашабайбыз да» деп эскертти. Бул маселени карап тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн тармактык комитетке протоколдук тапшырма берди.

Белгилей кетсек, саламаттык сактоо министри 15-мартта Чүй облустук ооруканадагы Акрамовдун Хирургия жана реконструкциялык калыбына келтирүү илимий борборун жапканын билдирген. Ошондой эле анын үйү жоктугун, ошол оорукананын имаратында жашап жатканын айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз