Пятница, 5 июля

Түркия Кыргызстанга дары-дармек берет

0

Кыргызстанга жакынкы арада Түркиядан дары-дармек жана медициналык шаймандар келет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматта: «Бул Украинада болуп жаткан кырдаалга байланыштуу дары-дармек рыногун толуктоого мүмкүнчүлүк берет», — деп жазылган.

14-мартта Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында доллардын курсуна байланыштуу дары-дармектин баасы да өсүшү ыктымал экени айтылган. Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин башчысы Нурдин Кагаздиев Кыргызстанга дарылардын 5% Украинадан, 16% Орусиядан алып келинерин белгилеген. Ал Кыргызстандын фармацевтика фирмаларында эки-үч айга жете турган запас бар экенин айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз