Суббота, 4 мая

“Вагнер” тобу Украинага “концерке” чакырып жатабы?

0

Орусиялык журналист Илья Рождественский “Вагнер” менчик аскерий компаниясынын Украинага жалданма аскер чогултуп жатканын айтты. “Настоящее время” каналына маалымат берген Рождественский, “Вагнер” тобу Украинадагы жаңжалга катышууга даярданып жатканын айтты. Анын маалыматына ылайык жалданма аскерлерди чогултууда “Вагнер” тобу “Консерватория музыканттарды Украинадагы гастролго чакырат” деп жарнама берүүдө.

Орусиялык журналисттин ою боюнча жалданма аскерлер Украинадагы согушка таасир этиши толук мүмкүн. Өзгөчө Сирия сыяктуу согуш болгон аймактарда тажрыйба топтогон согушчандар Украинадагы жаңжалды жаңы өңүткө буруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз