Европалык саясатчылардын тобу Украинанын президенти Владимир Зеленский менен украин элин Нобель тынчтык сыйлыгына көрсөтүү үчүн Нобель комитетине кат жолдошту.
Араларында Эстониянын мурдагы премьер — министри Андрус Ансип, Бельгиянын мурдагы премьер-министри Ги Верхофштадт, Нидерландиянын мурдагы тышкы иштер министрлери Бернард Бот, Берт Коендерс, Максим Верхаген жана саясатчылар Нобель комитетинен өткөн айда аяктаган талапкерлерди көрсөтүү процессинин кайрадан ачылышын жана 31 — мартка чейин узартылышын талап кылышты.
Көпчүлүгү нидерландиялык саясатчылардан турган топ 2022 — жылдагы талапкерлерди кайра карап чыгууну жана Зеленскийди ошондой эле украин элин сыйлыкка көрсөтүүнү талап кылышты.
Катта : «Украиналыктарга дүйнөнүн алардын жанында экендигин көрсөтүүнүн учуру»,- деп жазылды.
Нобель тынчтык сыйлыгына талап көрсөтүү мөөнөтү февраль айында акырына чыккан. Нобель комитети октябрь айында түзүлгөн тизмеден сыйлык бериле турган киши же кишилерди добушка салуу менен белгилейт. Сыйлык декабрь айында азем менен ээлерине тапшырылат.