Пятница, 17 мая

Дүйнөнүн эң узун асма көпүрөсү Түркияда ачылды (Видео)

0

Түркияда “1915 Чанаккале” көпүрөсү ачылды. Бул көпүрө Дарданелла кысыгы аркылуу Европа менен Азияны бириктирген бир долбоор болуп эсептелинет. Көпүрөнүн жалпы узундугу 4608 метрге барабар. “1915 Чанаккале” көпүрөсү дүйнөдөгү ортосундагы ачык аралыгы эң узун көпүрө болуп калды. Көпүрөнүн үстүндө бир эле учурда эки тилкеде жалпысынан алты катар унаа жүрө алат.

Көпүрө Түркия үчүн чоң киреше булагы да болчудай. Бир жылдык кирешеси 415 млн еврого барабар болот деп күтүлүүдө. Ошол эле учурда жүз миңдеген жумуш орундары пайда болуп жатат. Мурун жүк ташуучу кемелер бир саатта сүзүп өткөн аралык, эми мынтип 6 эле мүнөттүк болуп калды.

Көпүрөнүн расмий ачылышы кечээ 18-мартта боду. Анткени 1915-жылдын дал ушул 18-март күнү Антанта аскерлери биринчи дүйнөлүк согушта Чанаккале аймагында жеңилүүгө дуушар болгон. Демек бул көпүрө экономикалык жактан гана эмес, символикалык жана тарыхий жактан да абдан маанилүү долбоор экендиги талашсыз.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз