Воскресенье, 5 мая

Орус армиясы тактикасын өзгөрүүдө

0

Орус армиясы Украинанын аскерий объектилери алыс аралыкка учуучу гиперүндүү жана канаттуу ракеталар менен бутага алынганын жарыялады.

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, Украинанын Николайевге жакын  Костантиновкадагы күйүүчү май кампасы «Кинжал» гиперүндүү ракетасы менен аткыланганын билдирди.

Конашенков операциянын алкагында орус согуштук кемелеринен Каспий деңизинде учурулган канаттуу ракеталардын да колдонулганын белгиледи.

Орус армиясы «Кинжал» гиперүндүү ракетасын колдонуп жатканын кечээ жарыялады.

Бул кол салууда Украина армиясына таандык ок-дары кампасынын урулганы белгиленди.

Орус армиясынын мындай чабуулу анын Украинада согуштук тактикасын өзгөрткөнүнөн кабар берет. Орустар эми контрчабуулга өткөн Украина аскерлерине каршы мурда ээлеген позицияларын сактап калууга, ошол эле мезгилге душманга ракеталар аркылуу зыян тарттырууга аракет кылышууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз