Пятница, 22 ноября

Суткада 9 адамдан коронавирус аныкталып, бир бейтап каза болду

0

Суткада коронавирус 9 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 9 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 15 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 94 бейтап, амбулатордук түрдө 77 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 818 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 83 киши айыгып чыкса, 2 миң 980 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз