Воскресенье, 19 мая

Танкын украин армиясына тапшырган орус аскери 10 миң доллар алат

0

Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Виктор Андрусив, орус аскеринин Украинанын куралдуу күчтөрүнө өз ыктыяры менен багынып бергени тууралуу маалыматты социалдык медиа аркылуу бөлүштү.

Бир нече күндөн бери орус аскерлери тарабынан колдонулган украиналык уюлдук телефон фирмаларынын номерлерин аныктоо иштеринин уланып жатканын белгилеген Андрусив, Орус аскерлеринин Украина армиясына акчага аскердик унаалары менен багынып берүү ыкмалары тууралуу маалыматтардын аныкталган номерлерге смс катары жөнөтүлгөнүн айтты.

Мунун натыйжасында бир орус аскеринин өзү колдонгон танкы менен багынып бергенин билдирген Андрусив, багынып берген орус аскерине согуштан кийин өлкөдө жашоо мүмкүнчүлүгү менен 10 миң доллар сыйлык берилерин, ошондой эле аскердин украин жарандыгын алуу үчүн кайрыла аларын маалымдады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз