Орус армиясынын катарында Украинадагы согушка катышкан 19 жаштагы теги кыргызстандык жигит каза болду. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады. Ал жигит Орусиянын жарандыгын алган жана төрт айдан бери аскерде кызмат өтөп жаткан. Маркумдун сөөгү бүгүн Кыргызстанга алынып келинип, эртең жерге берилээри айтылууда.
Орусия Украинага кол салгандан бери бул согушка Орто Азия өлкөлөрүнөн мигранттар да катышып жатканы тууралуу маалыматтар тарап жатат. Буга чейин Тажикстандын төрт жараны Украинадагы согушта окко учкан.
Орусиянын армиясында кызмат өтөп жүрүп, Украинадагы cогушта каза болгону айтылып жаткан жигит Ысык-Көл облусунда туулуп-өскөн. Аны аты-жөнү Дорбоев Эгемберди Бекказымович экени маалым болду.