Пятница, 17 мая

Путин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жабык сүйлөшүү өткөрдү

0

Орусия президентинин расмий сайты жазуу түрүндө маалымат таратып, Владимир Путин борбор шаар Москвада Орусиянын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жыйын өткөргөнүн маалымдады.

Маалыматка ылайык, Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңеши менен Орусия жана Украинанын ортосундагы сүйлөшүү процессин талкуулады.

Орусияга каршы санкциялар да талкууланган жыйында, өлкөдөгү макроэкономикалык абал тууралуу пикирлер да айтылган белгилүү болду.

Жыйынга катышкан Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Украинадагы согуш, гуманитардык жардамдар жана көзөмөлгө алынган аймактардагы инфраструктураларды калыбына келтирүү процесстери тууралуу маалымат берди.

Орус аскерлери 24-февралдан тарта Украинага чабуул уюштуруп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз