Франция абадан жерге өзөктүк ракетасын сынаганын жарыялады.
Франциянын Коргоо министрлиги, Франциянын куралдуу күчтөрү кечээ абадан жерге иштелип чыккан стратегиялык орто аралыкка учуучу ядролук ASMPA ракетасын сыноодон өткөргөнүн маалымдады.
Билдирүүдө сыноонун Европада жайгашкан ракета системасын иштеп чыгуучу MBDA, Dassault Aviation компаниясы жана Улуттук Авиация Изилдөө Борборунун (ONERA) салымдары менен жүргүзүлгөнү кабарланды.
Ядролук ракетанын Казаух аба базасынан учуп чыккан Рафале учагы тарабынан атылганы жана сыноонун ийгиликтүү өткөнү белгиленди.
Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн ичинен өзөктүк күчкө ээ жалгыз өлкө болгон Франциянын ядролук ракета сыноосунун Орусия-Украина согушуна туш келгени көңүлдү бурду.