Четверг, 2 мая

Орусия: Украинадагы аскердик лабораторияларды Сорос жана Байдендин уулу каржылаган

0

АКШ президенти Жозеф Байдендин уулу Хантер Байдендин инвестициялык фонду Пентагондун Украинадагы аскердик-биологиялык программасын каржылоого катышкан. Бул тууралуу Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу күчтөрүнүн башчысы, генерал-лейтенант Игорь Кириллов билдирди.

Ал кошумчалагандай, фонд ири каржы ресурстарына ээ, ошол эле учурда Американын аскер мекемелери менен тыгыз байланышы бар. Анын арасында Пентагондун биолабораторияларына дүйнө жүзү боюнча жабдууларды жеткирген компаниялар бар.

Кирилловдун айтымында, АКШнын Украинадагы аскердик-биологиялык программаларын каржылоого Сорос фонду өңдүү уюмдар да катышкан.

Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги АКШ Украинадагы биолабораторияларга 200 миллион доллар коротконун айткан. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШнын Украинадагы аскердик биологиялык ишмердүүлүгүнө байланыштуу биологиялык куралга тыюу салуу боюнча конвенциянын алкагында консультация жүргүзүлөрүн билдирген. Ал эми Кытай ТИМинин расмий өкүлү Чжао Лизцянь Вашингтонду бул кадамы тууралуу түшүндүрмө берүүгө чакырган. БУУ уюмдун Украинадагы аскердик биологиялык программалардын бар-жогун иликтөөгө мандаты жок экенин билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз