Четверг, 2 мая

Азербайжан ТИМи: Армения эл аралык коомчулукту алдап туура эмес маалымат таратып жатат

0

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги атайын билдирүү таратып, Армения “эл аралык коомчулукту адаштыруу үчүн туура эмес маалымат таратып жатат” деп маалымдады.

Маалыматка ылайык, Армения Азербайжан аскерлери Армения Карабак аймагындагы Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн жоопкерчилигине караган аймакка басып киргенин айтуу менен туура эмес маалымат таратууда жана эл аралык коомчулукту алдоодо.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Эки тараптан тең миңдеген адам каза болгон. Азербайжан согуштун натыйжасында Армения мурда басып алган Карабак аймагынын маанилүү жерлерин кайтарып алган. Кийинчерээк Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол койгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз