Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 25-марттагы отурумунда Бишкектин Свердлов округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы чыгарылды. Ага ылайык Шайлообек Атазов жеңүүчү деп табылды.
22-мартта Жогорку сот Свердлов округундагы кайра шайлоодо биринчи орунду алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызын карап, Бишкектин административдик соту чыгарган чечимди күчүндө калтырган. Бишкектин административдик соту 15-мартта БШК Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарган чечимин колдогон.
БШК 9-марттагы отурумунда Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарып, ага добуш сатып алуу фактысы себеп болгонун белгилеген.
Талапкер БШКнын дооматын четке кагып, аны «каралоо» катары сыпаттаган жана административдик, кийин Жогорку сотко арызданган.
27-февралда өткөн кайра шайлоодо Бишкектин Свердлов округу боюнча 1-орунду Абдурахманхажи Муртазалиев, 2-орунду Шайлообек Атазов, 3-орунду Аскар Алмаз уулу ээлеген.
Ал эми Шайлообек Атазов 28-ноябрдагы шайлоодо Төлөйкөн округунан Нурбек Алимбековго 2000ге жакын добуш менен утулуп калган. Алар бири-бирин добуш сатып алууга айыптап, сотко чейин кайрылышкан.