Пятница, 17 мая

Армян куралдуу топтору азербайжандарды козутууда

0

Азербайжандын коргоо министрлиги Карабакта армян күчтөрү Азербайжан армиясына карата провокация кылууга аракет кылганын, бирок ага жол берилбегенин маалымдады.

Министрликтен берилген маалыматта Карабактагы армян күчтөрү тумандуу аба ырайынан пайдаланып Азербайжан армиясына кол салууга аракет кылганы айтылды. Бирок Азербайжан армиясы жооп берген соң армян куралдуу топтору артка чегинүүгө мажбур болгон. Окуя тууралуу аймакта убактылуу кызмат кылган орус аскерлеринин жетекчилигине жана түрк-орус биргелешкен борборуна маалымат берилгендиги белгиленди. 

Азербайжан аскерлеринин арасында жоготуунун болбогондугу, абалдын көзөмөлгө алынгандыгы айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз