Воскресенье, 19 мая

Фото. Украинада дагы бир кыргызстандык окко учту

0

24-февралдан тарта Украинада болуп жаткан согушта Орусиянын жарандыгын алган дагы кыргызстандык жигиттин каза болгону белгилүү болду. 26 жаштагы Рустам Зарифулиндин сөөгүн алып келген учак бүгүн Канттагы Орусиянын аба базасына түнкү саат 3тө конгон.

Маалыматка ылайык, маркум Кара-Балта шаарында туулуп-өскөн. Мектепти бүтүргөн соң Орусиянын жарандыгын алып, Орус армиясында келишимдик негизде кызмат кылып жүргөн. Анын ата-энеси жана бир туугандары Кара-Балта шаарында жашайт.

Рустам Зарифулин 14-мартта каза болгон. Анын сөөгүн тосуп алууга жакындары, Орусиянын Канттагы аскер базасынын жетекчилиги катышты. Зарифулин эртең Кара-Балта шаарында жерге берилет.

Азырынча Орусиянын Бишкектеги элчилиги Рустам Зарифулин боюнча маалымат тарата элек.

Буга чейин Украинадагы согушта орус жарандыгын алган кыргызстандык 19 жаштагы уп, анын сөөгү 25-мартта Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жерге берилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз