Вторник, 7 мая

Коронавирус 13 адамдан аныкталып, бир бейтап көз жумду

0

Суткада коронавирус 13 адамдан аныкталып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 13 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 11 адам илдеттен айыккан.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 92 бейтап, амбулатордук түрдө 50 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 892 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 181 киши айыгып чыкса, 2 миң 985 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз