Пятница, 17 мая

Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды

0

Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Жарлык менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна дайындоого Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизүү токтом кылынат.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун дагы башка жарлыгына ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз