Понедельник, 20 мая

Орозо 2-апрелде башталат

0

Кыргызстанда ыйык Орозо айы быйыл 2-апрель күнү башталат. Мындай чечимди Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын дин башкармалыктары биргеликте кабыл алышканы маалымдалды.

Рамазан айы 30 күнгө созулат, 2-май — Орозо айт. 27синен 28-апрелге караган түнү кадыр түн болушу мүмкүн.

Бул айда мусулмандар күн чыккандан күн батканга чейин оозуна наар албайт, суу да ичпейт, жаман иштерден алыс болуп, жакшылыктарды тилек кылып намазды калтырбай окуйт.

Орозо айынын узактыгы ай календарына жараша 29 же 30 күн болот. Орозо айында Кыргызстандын бардык облустары боюнча ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын Орозо-2022 календарынан табууга болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз