Среда, 24 апреля

Эрдоган мамлекеттик сапар менен Ташкентке келет

0

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган 29-30-мартта расмий сапар менен Өзбекстанга келет.

Өзбекстан президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, Эрдоганды Ташкентке өзбек кесиптеши Шавкат Мирзиёев чакырган.

Президенттердин сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибинде эки тараптуу ынак мамиле жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө, эки өлкө ортосунда көп пландуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралган.

Соода-инвестициялык, инновациялык, өндүрүш, логистика, туризм жана башка багыттардагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө басым жасалат.

Сүйлөшүү маалында Мирзиёев менен Эрдоган эл аралык жана аймактык саясаттын актуалдуу маселелери боюнча да пикир алышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз