Суббота, 21 сентября

Далай-лама  ооруканага жаткырылды

0

83 жаштагы тибеттиктердин руханий лидери Далай-лама XIV Индиянын Нью-Дели шаарындагы ооруканага жеткирилди, учурда абалы туруктуу. Бул тууралуу Reuters басылмасына маалымат катчысы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 9-апрелде Далай-лама өзүн бир аз начар сезип, жөтөлүп жаткандыктан шаардагы клиникалардын биринен медициналык текшерүүдөн өткөн.

Ал азыр ооруканада жана бир нече күн клиникада болот, деп кабарланууда.

Далай-лама будда дининдегилердин руханий лидери болуп саналат. Ал 1959-жылдан бери Индияда жашайт.

1989-жылы Далай-лама Нобель сыйлыгын алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз