Суббота, 21 сентября

Эртең Бабановдун тарапкерлерине эки аянт  тең берилбейт

0

13-апрелде Бишкектеги Эски аянтта өкмөт башчынын катышуусу менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин чоң иш-чарасы өтөт. Ошондуктан мэрия Бабановдун тарапкерлерине ал күнү аянтта митинг өткөрүүгө уруксат бере албайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев билдирди:

— Мэрия тынч митинг өткөрүүгө тыюу салбайт. Бирок бизге Саламаттыкты сактоо министрлиги 27-мартта эле кат менен кайрылып, 13-апрелде Эски аянтта иш-чара өтөрү тууралуу кабар беришкен. Биз эки иш-чараны бир жерге өткөрүүгө уруксат бере албайбыз. Ал эми борбордук аянтта шаар күнүнө карата ири репетиция болот. Ошондуктан борбордук аянтка да уруксат бере албайбыз. Биз аларга митингин аянттарга танапташ эле жайгашкан Горький гүлбагында өткөрүүсүн сунуштадык. Бул жерге деле он миң киши батат.

Түлөбаевдин айтуусунда, шаар жетекчилиги митингчилердин коопсуздугун да камсыздап берүүнү мойнуна алган.

Мындан мурда «Республика» партиясы өзүнүн лидери Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келүүсүнүн урматына 13-апрелде Эски аянтта митинг өткөрөрүн билдиришкен. Кийинчерээк буга шаардык мэрия тоскоолдук кылып жатат деген жүйөө менен сотко кайрылышкан.

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 2018-жылы чоң саясаттан кеткенин, мындан ары жалаң ишкерлик менен алектенерин билдирген. Апта башында өзүнүн НТС телеканалына курган маегинде өлкөгө кайтып келип, саясий жашоого аралашарын айткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, саясатчыга эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз