Борбор калаада жылуулук берүү 4-апрелден тарта токтотулат. Мындай чечим вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жетектеген күз-кыш мезгилин өткөрүү боюнча ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын департаментинин маалыматы боюнча, 31-марттан баштап орточо суткалык температуранын жогорулашы күтүлөт, кескин суук күтүлбөйт.
Бекитилген критерийлерге ылайык, керектөөчүлөрдү жылуулуктан өчүрүү сыртта абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болгондо башталат.
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жакынкы аралыкта борбор калаада 2021-2022-жылдарга жылуулук берүү мезгилин аяктоо боюнча жарлыкка кол коет.