Пятница, 22 ноября

Фото. Түрк атанын балдары Түрк дүйнөсүнүн борбору Бурсада чогулду

0

ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөр тарабынан 2022-жылда түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланган Түркиянын Бурса шаарында расмий иш-чаралардын ачылыш аземи болду. Аземге Бурсага келген түрк тилдүү мамлекеттердин маданият министрлери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.

Алгач Бурсада 2022-жылдагы түрк дүйнөсүнүн маданий борборунун координациялык борборунун ачылыш аземи өттү. Ошондой эле ТҮРКСОЙдун бул жылдардагы ишмердүүлүгүнө арналган фотокөргөзмөнүн ачылышы болуп, түрк тилдүү мамлекеттердин улуттук ансамблдеринин өнөрлөрү тартууланды.

Мындан сырткары, Тюрксой уюмуна мүчө мамлекеттерден келген расмий өкүлдөр Нооруз майрамына карата иш-чарага катышып, майрамдык маанай тартууланды.

Ал эми кечке жуук 7 миң искусство кызматкери катышкан чоң концерт уюштурулду. ТРТ АВАЗ каналы аркылуу түз эфирде көрсөтүлгөн концертте түрк дүйнөсүнүн каада-салты, тарыхы, маданият жана искусствосу таанытылды. Убагында Осмон дөөлөтүнүн борбору шаары болгон Бурса  шаары тууралуу маалымат берилди.

Белгилей кетсек, ТҮРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин кезексиз жыйыны бүгүн, 31-мартта Бурса шаарында өтөт.

Быйыл жыл бою Бурса шаары жана түрк дүйнөсүнүн жалпы баалуулуктарына байланыштуу маданий иш-чаралар өткөрүлмөкчү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз