Понедельник, 20 мая

Кеңешчилери Путинге толук маалымат бербей жатат

0

Кеңешчилери Путинге толук маалымат бербей жатат. Бул тууралуу Кошмо Штаттарынын чалгынчыларына шилтеме жасоо менен Assoсiаted Press басылмасы жазып чыкты. Макалада Орусиянын президенти Владимир Путиндин кеңешчилери Украинадагы согуштагы жоготуулар, кесепети жана акыркы абал тууралуу чындыкты жашырып, толук маалымат бербей жатканы айтылат.

Буга кошумча америкалык чалгынчылардын маалымдашынча, Батыш өлкөлөрү салган санкциялардын өлкөнүн экономикасына тийгизген кесепетинин көлөмү тууралуу дагы Путинге толук маалымат берилбей жатат. Мунун натыйжасында Путин менен аскер жетекчилеринин ортосунда ишенбестик жана чыңалуу күчөгөнү айтылат.

Мурдараак Путин согушка профиссионалдуу аскерлер гана катышып жатканын айткандан кийин , чакыруу менен барган жоокерлер да бар экенин моюндап, бул катачык жоюлаарын айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз