Суббота, 4 мая

Султан Раев ТҮРКСОЙдун баш катчысы болду

0

Кыргыз эл жазуучусу, драматург Султан Раев Түрк тилдүү элдердин маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун баш катчысы болду. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, мындай чечим Түркиянын Бурса шаарында өткөн ТҮРКСОЙ уюмунун кезексиз жыйынында белгилүү болду. Султан Раевдин талапкерлиги ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин чечими менен бекиди.

Анкара шаарында штаб-квартирасы жайгашкан ТҮРКСОЙ эл аралык уюму («түрк дүйнөсүнүн ЮНЕСКОсу катары таанылган») 1993-жылы негизделген.

Бул уюмга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Түркмөнстан мүчө болуп саналат.

Ал эми Венгрия, Молдова, ошондой эле Россиянын бир катар субъекттери (Татарстан, Алтай, Саха, Башкортостан жана Хакасия) байкоочу макамына ээ.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун негизги максаты түрк дүйнөсүнүн маданий карым-катнашын өркүндөтүү, өнүктүрүү ошондой эле аны дүйнөгө таанытуу, маданий интеграциялык процессти жандандыруу.

Белгилей кетсек, эл аралык белгилүү уюмду тарыхта биринчи жолу кыргыздын белгилүү маданият жана коомдук ишмери Султан Раев жетектейт.

Бул эл аралык уюмду буга дейре Азербайжандын белгилүү искусство ишмери, атактуу ырчы Полад Бюль-Бюль оглы, Казакстандын маданий жана коомдук ишмери Дюсен Касеинов жетектеп келген.

Кыргызстандын белгилүү маданий ишмери, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, чет элдик жана эл аралык кадыр-барктуу сыйлыктын ээси Султан Раевдин аталган эл аралык уюмдун башкы катчысы каиары шайланышы маданий жана эл аралык мамилелер жаатындагы Кыргызстандын чоң жеңиши катары бааланат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз