Алдын ала маалыматтар боюнча, 2021-2022-окуу жылында 9-классты 106 миң 219 бүтүрүүчү, 11-классты 67 миң 45 бүтүрүүчү аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Ведомстводон билдиришкендей, 2020-2021-окуу жылында 9-классты 104 миң 313 бүтүрүүчү, 11-классты 62 миң 777 бүтүрүүчү аяктаган.