Пятница, 22 ноября

Өкмөттүн негизги максаты —  элдин ишенмине кирүү

0

2018-жыл кыргыз өкмөтү  үчүн олуттуу сыноолордун жылы болду. Өкмөттүн дарегине бир топ ачуу сындар айтылды. Бирок  аны туура кабыл алып, оӊ жыйынтык чыгаруу аракетинде болду. Анын натыйжасында өлкөдө туруктуулук орноп, экономикалык өсүш камсыз кылынды. Мындай пикирин бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңеште өткөн жылдагы ишмердүүлүгү үчүн көпчүлүк коалицияга отчет берип жатып премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Өкмөт башчы 2018-жылы экономикалык өсүштүн оң көрсөткүчтөрүнүн сакталышы негизги натыйжа болгонун, экономикалык өсүш болжолдуу көрсөткүчтөн 0,7 пайыздык пунктка ашканын белгиледи. “Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктунун көлөмү 557,1 млрд сом көлөмүндө болду жана реалдуу өсүш темпи 103,5 пайызды түздү. Ал эми “Кумтөр” кенин эске албаганда, реалдуу өсүш темпи 103,5 пайызды түздү”, — деди ал.

Экономикалык өсүшү 3,5 пайыз деңгээлинде түзүлүп, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин арасында ИДПнын өсүшү боюнча Армениядан жана Казакстандан кийинки үчүнчү орунга чыкканы, ал эми Россияда ИДП өсүшү 2,3 пайызды, Беларуста 3,0 пайызды, инфляциянын деңгээли 100,5 пайызды түзгөнү белгилүү болду. “Андан тышкары, өткөн жылдагы орточо эмгек акы 235,6 доллар жана пенсиянын жылдык орточо өлчөмү 80,1 доллар өлчөмүндө болду. Бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында эң төмөнкү көрсөткүч болуп эсептелет”, — деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин көпчүлүк коалициясынын бүгүн, 12-апрелде өтүп жаткан жыйынында КР Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндө КР Премьер-министринин отчету угулууда. Жыйынга депутаттар, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз