Воскресенье, 28 апреля

Орусия рубль менен сатчу товарлардын тизмесин көбөйттү

0

Орусиянын жаратылыш газы менен катар башка товарлар үчүн да рубль менен төлөөнү талап кыла турганы маалымдалды.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиянын тарыхтагы эң чоң санкциялар жүгү астында экенин айтып: «Булар доллар жана еврого болгон ишенимди тез эле жок кылат» -деди.

Песков Орусия жаратылыш газы жана башка товарлар үчүн рубль менен төлөмдү талап кыла турганын билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин 31-марттагы билдирүүсүндө, эгер аларга рубль менен төлөнбөсө, жаратылыш газы боюнча келишимдер токтотулуп, газ үчүн төлөмдөр 1-апрелден тарта башталаарын белгилеген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз