Ооганстанда талиптер апийим өстүрүүгө тыюу салып, мыйзамды бузгандар «шариятка ылайык жооп берерин» билдирди.
Жогорку лидер Хайбатулла Ахундзада Афганистандын аймагында апийим өстүрүүгө катуу тыюу салганын анын маалымат катчысы Билал Карими кабарлаган.
“Тартип бузгандардын түшүмү жок кылынат жана өздөрүнө “шарият мыйзамдарына ылайык” чаралар көрүлөт. Мындан тышкары, спирт ичимдиктерин, ошондой эле баңгизат каражаттарынын бардык түрлөрүн керектөөгө, ташууга, сатууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салынат”, — деп айтылат кабарда.
15-августта «Талибан» кыймылы Кабулду өз карамагына өткөргөн. Сентябрдын башында Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны Мохаммад Хасан Ахунд жетектеген.