Пятница, 3 мая

Кыргызча сүйлөөгө уруксат бербеген сот жоопко тартылабы?

0

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровго кыргызча сүйлөөгө уруксат бербей, орусча сүйлөшүн талап кылган судья Таалай Турсунбековдун ишин Тартип комиссиясы карап жатканы белгилүү болду.

Буга чейин депутат Жанарбек Акаев баш болуп көптөгөн активисттер бул маселени көтөрүп, жарандарга сот жараянында кыргызча сүйлөөгө уруксат бербеген сотту жоопко тартууну өтүнүшкөн.

18-мартта Украинадагы согушту токототуу чакырыгы менен укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыровду, Азиза Абдирасулованы жана Динара Ошурахунованы милиция кармап, иш Биринчи май райондук сотунда каралган.

Активист сотто орусча эмес, кыргызча көрсөтмө бере турганын айтканда, судья Таалай Турсунбеков анын орусча сүйлөшүн талап кылган. Бир топ талаштан кийин судья кыргызча сүйлөөгө уруксат берген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз