Воскресенье, 28 апреля

Зеленский: Түркия Мариуполдогу жарадарларды жана каза болгондорду алып чыгууга даяр

0

Украинанын президенти Владимир Зеленский Түркия жарадарларды жана каза болгондорду Мариуполдон өзүнүн кемелери менен алып чыгууга даяр экенин билдирди.

Бул маселе боюнча дипломатиялык сүйлөшүүлөр уланып жатканын белгилеген Зеленский: «Түркия Бердянсктан жарадарларды жана каза болгондорду кемелер менен ташууга даяр. Алардын Мариуполго жакындоосу кооптуу. Биз буга уруксат бербейбиз. Бердянсктан ташып кете алышат. Демек жарлуулар жана каза болгондордун Бердянскка алып барылышы керек. Жарандарыбызды (Мариуполдон) чыгарыш үчүн бардык инфраструктурабыз даяр. Путиндин макулдугун күтүп жатабыз. Мен (Режеп Таййип) Эрдоган менен сүйлөштүм”, — деп айтты.

Түркиянын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар да Мариуполдогу жарандардын деңизден эвакуацияланышы үчүн кеме менен колдоо көрсөтө ала тургандарын, бул алкакта орус жана украин бийликтери менен сүйлөшкөндөрүн айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз