Пятница, 22 ноября

Соцфонд аялдардын пенсия курагын узартууну сунуштоодо

0

Социалдык фонд Кыргызстанда аялдардын пенсияга чыгуу курагын эки жылга узартууну сунуштады. Бул тууралуу аталган фонддун директорунун орун басары Гүлнура Жуматаева Пенсиялык системаны реформалоо тууралуу парламенттик угууда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда пенсионерлердин 70 пайызы аялдар, башка өлкөлөрдө аял-эркегине карабай баары бир куракта пенсияга чыгышат.

«Айымдардын жашоо курагы эркектерге караганда көбүрөөк. Алар эртерээк пенсияга чыгышат. Башка өлкөлөр эркектер менен аялдардын пенсияга чыгуу курагын теңеп коюуда. Мисалы, Европада баары эле 65 жаштан чыгат. Казакстан дагы этап-этабы менен өтүп жатат, Россия мамлекеттик кызматкерлерден баштады. Биз азыр теңөө жөнүндө сөз кылган жокпуз, жок дегенде эки жылга узартып, 58 жаштан 60ка көтөрүүнү сунуштап жатабыз. Чынын айтайын, мамлекеттик кызматта эч ким пенсияга кеткиси келбейт. Айымдар 58 жашында да жаш эле», — деди Жуматаева.

Ошондой эле ал бул демилгени депутаттар колдоп берсе жакшы болмок деген пикирин билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз