Кыргызстанда күйүүчү майларга болгон баалар турукташа баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Монополияны жөнгө салуу агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков билдирди.
“20-апрелден тарта бензинге болгон баалар турукташа баштайт. Бүгүнкү күнгө чейин 10 күнгө чейин запастар түшүп кеткен. Кудай буюруп министрлер кабинетинин аракеттери менен бензиндин кору бир айга жете тургандай бар. Дизелдик отундун кору 3 айга жетет. 20-апрелден тарта баалар ылдыйлай баштайт. Атайын эрежелер менен иш алып бара жатабыз”-деди.