Суббота, 4 мая

Буча көчөлөрүндө жарылбаган ок-дарылар чогултулууда

0

Топтор Украинанын Буча шаарындагы көчөлөрдө жарылбаган жана бош абалда турган ок-дарыларды чогултушууда. Бул тууралуу Украина Өзгөчө кырдаалдар борбору видео жарыялады.

Видеодо үстүлөрүнө коргоочу кийим кийген топтор орус аскерлери артка чегинүүдө калтырып кеткен жарылбаган ок-дарыларды чогултуп жатканы тартылган.

Жергиликтүү басылмалар орус күчтөрүнүн 300дөн ашуун кишинин өлүмүнө себеп болгонун айтышуда.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз