Четверг, 25 апреля

 Масалиев: Элинин кызыкчылыгын көздөбөгөн өкмөттүн эмне кереги бар?

0

Кечээ Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов мамлекет жарандарга пенсия төлөөгө милдеттүү эмес деп чыкты, силер болсо жарандардын укугун коргойбуз деп жатасыңар, силердин логикаңар каякта?  Элинин кызыкчылыгын көздөбөгөн, эч нерсеге милдет эмес өкмөттүн эмне кереги бар? Мындай сынды Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев комитет жыйынында Персоналдык маалыматтарды коргоо агенттигин ишмердүүлүгүн карап жатып бийликке айтты.

Персоналдык маалыматтарды коргоо агенттиги президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен түзүлүп, Юстиция министрлигинен каттоого турган. Эми Жогорку Кеңеш анын ишмердүүлүгүн мыйзамдаштыруу, алардын иш аракеттерин талкуулап жатышат.

Агенттикке жетекчи да шайланган. Жетекчиси Нурия Кутуева.  Максаты жарандардын персоналдык маалыматтарын коргоо.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз