Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Эрлан Абдылдаев 56 жашта. Ал 2012-2018-жылдары Тышкы иштер министрлигин жетектеген. 2020-жылы Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалып, быйыл февраль айында кызматтан алынган.
Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков быйыл февраль айында жумуштан алынган, ошондон бери бул орун бош турган.