Пятница, 22 ноября

Жапон жана Франция өкмөтү Орусияга санкция киргизди

0

Жапон өкмөтү, 24-февралда Украинага согуш жарыялаган Орусияга каршы экономикалык санкцияларын кеңейтүүнү улантууда.

Премьер-министр Кишида Фумионун кабинети, Орусиянын 398 жараны менен 28 орусиялык уюмдун активдерин тоңдурууга чечим чыгарды.

Орус жарандарынын арасында президент Владимир Путиндин кыздары Катерина Тихонова менен Мария Воронцова жана тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жубайы бар.

Маалым болгондой, өкмөт ошондой эле япон компанияларына жана жарандарына Орусияга жаңы инвестиция салууга тыюу салат.

Министрлер кабинетинин баш катчысы Мацуно Хироказу, Орусия-Украина согушунун дагы да күчөшүнө жол бербөө жана ок атышууну тез арада токтотууга жетишүү үчүн Москвага катаал санкцияларды киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Бир тараптан Франция, орус чалгындоосунун өлкөдө жашыруун операция жасаганы аныкталгандан кийин 6 орус агентин персона нон грата деп жарыялады.

Франциянын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, дипломатиялык коргоо астындагы жана Франциянын кызыкчылыктарына каршы иш кылган 6 орус агентинин персона нон грата деп жарыяланганы кабарланды.

4-апрелде Франция өлкөдө иштеп жүргөн 35 орус дипломатын өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз