Суббота, 18 мая

Баткенде абал турукташып, жарандар үйлөрүнө кайта баштады

0

Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары кайра үйлөрүнө кайтып барышты. Бул тууралуу аталган райондун акиминин орун басары Максатай Каримбердиева билдирди. Анын маалымдашынча, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку ок атышуудан улам жалпысынан жалпысынан 17 миңден ашуун адам өз алдынча коопсуз айылдарга чыгып кеткен. Алар бала бакчаларда, мектептерде жана тургундардын үйлөрүндө түнөп, эртең менен эрте кайра үйлөрүнө жеткирилди.

Мунун алдында Саламаттык сактоо министрлиги Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку ок атышууда Кыргызстандын эки жоокери жараат алганын билдирди. Алардын бири учурда Лейлек районунун ооруканасында жатат, биринчи хирургиялык жардам көрсөтүлдү жана абалы орточо оор.

Экинчи аскерге алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин анын абалы канааттандырарлык болгондуктан амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз