Октябрь окуясы боюнча 13-апрелдеги соттук отурумга айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев келген жок.
Каракол шаардык сотунда анын дагы бир иши бар болгондуктан, сотко жактоочудан тыныгуу жарыялоо өтүнүчү келип түшкөн.
Сот отуруму 15-апрелге саат 10:00гө жылдырылды.
Ал эми экс-президенттин мурдагы жан сакчысы Канат Сагынбаев Атамбаев дүйшөмбү-шейшемби күндөрү башка колонияга которуларын билдирди.