Суббота, 18 мая

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү аяктады

0

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку ок атышууга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү аяктады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев маалымат берди.

Маалыматка ылайык, тажик тарап менен бул жолку сүйлөшүү бир саатка созулду.

Белгилей кетсек, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согд облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода экинчи ирет жолугушуу өткөрдү. Биринчиси, 13-апрелде түнкү саат 3:00дө болгон.

«Жолугушууда кечээ түнү кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча сүйлөштүк. Азыркы учурда мамлекеттик органдар, күч структуралары кечээ айтылган сөздөрдү аткарып жатат. Биринчиден, кошумча кирген өздүк курам, аскер техникаларын алып чыгып жатышат. Экинчиден, Аскердик прокуратура иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Үчүнчүдөн, милиция негизги трассаларда биргеликте иш алып барууда. Азыр биз Согд облусунун губернатору менен элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тууралуу сүйлөштүк. Бүгүн мен Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө болом. Эл менен жолугушуу күтүлүүдө. Жалпысынан кырдаал тынч», — деди Алимбаев.

Эске салсак, 12-апрелде тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларынын эскертүүсүнө карабай Кыргызстандын аймагына кирип, жыйынтыгында ок атылган. Бирок эки тараптын чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин атышуу токтотулганы, кырдаал туруктуу экени айтылган. Кийинчерээк кайрадан атышуу болуп, тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёт менен аткылай баштаганы кабарланган.Тажик тарап кыргыз айылын миномёт менен атуусун токтоткон соң Баткен районунун Радар-1 жеринде турган Кыргызстандын чек арачыларына ок чыгара баштаган.

13-апрелге караган түнү Лейлек районуна караштуу Кыргыз-Встреч аймагында кыргыз-тажик чек арасындагы абал талкууланып, тараптар чатак чыккан жерден кошумча каражаттарын алып кете баштаган.

Жаңжалдан Кыргызстандын бир аскер кызматкери менен бир жай тургуну жабыркаган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз