Суббота, 18 мая

Президенттин иш башкармалыгы «Манас айылы» боюнча түшүндүрмө берди

0

Президенттин иш башкармалыгы «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинин жери эмне үчүн алынып жатканын түшүндүрдү.

Буга чейин «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинин жетекчиси Дөөлөт Сыдыков «Ысык- Көл» мейманканасын бузуп жаңы курулуш салып жаткан курулуш компаниясы айылдын тосмолорун алып, буза баштаганын айтып нааразы болуп чыккан.

Президенттин маалымат кызматы комплекстин жер тилкеси президенттин иш башкармалыгына караштуу «Кыргызстройсервис» ишканасына таандык экенин айтып, ал жайгашкан жердин беш сотых тилкеси административдик корпустун аймагын тегиздөө үчүн алынып жатканын белгилеген.

«Курулуш иштерин жүргүзүүдөгү тоскоолдукту эске алуу менен «Манас» айылы менен административдик корпустун ортосундагы темир тосмолор алынууда. Курулуштун жүрүшүндө «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинин имараттарына жана объектилерине эч кандай зыян келтирилбейт», — деп айтылат маалыматта.

Президенттин маалымат кызматы келечекте «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинин аймагын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү каралып жатканын кошумчалады.

Буга чейин кабыл алынган чечимге ылайык, учурда «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекстин курулушу башталууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз