Украинадагы согуш жакында бүтүшү мүмкүн

0

Украинадагы атайын операция жакында аяктайт, Россия аны көпкө созууну каалабайт. Бул тууралуу «Единая Россия» партиясынын Эл аралык кызматташтык боюнча комиссиясынын орун басары Андрей Климовго шилтеме берип РИА Новости жазды.

«Россиянын Украинадагы атайын операциясы жакында аяктайт, биз аны атайылап созуу ниетибиз жок. Украинанын биолабораторияларын көрүп, бул мамлекетти Россия жана бүткүл дүйнө үчүн коопсуз кылсак жетиштүү. Андан кийин аскердик фаза токтойт», — деди ал.

Ошол эле маалда Климов Батыш өлкөлөрү Украинага курал-жарак жеткирүүнү улантып, отко май чачып жатканын кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз