Вторник, 30 апреля

Сот Орхан Инандыны камакта калтырды

0

14-апрелде Түркиянын баш калаасы Анкарада Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Орхан Инандынын кезектеги соту өттү.

Сотто оболу Түркиянын атайын кызматынын операциясы менен 15-февралда Өзбекстандан Түркияга алып келинген Гүрбүз Севилай көрсөтмө берди.

Ал сотто Орхан Инанды менен 2014-жылы Бишкекте таанышканын жана ал жергиликтүү ишкерлер менен жолугушуу уюштурууга жардам бергенин айткан.

Түркиялык басылма соттук отурумда дагы эки жаран Инандыга каршы көрсөтмө бергенин кабарлады.

Гүлендин «Хизмет» деп аталган кыймылынын Борбор Азиядагы эң таасирдүү мүчөсү катары шек саналган Гүрбүз Севилай 2021-жылы 19-октябрда соттун көзөмөлүндө бошотулган, бирок ага ачылган кылмыш иши токтой элек.

Ага прокурор «Ирак жана Сириядагы террордук уюмдарды ок-дары, ракета, учуучу аппараттар жана радар системалары менен камсыз кылууга катышкан» деген айып таккан. Муну менен катар, түрк бийлиги Севилайды Борбор Азиядагы террордук уюмдун эң жооптуу кишилеринин бири катары финансылык каржылоону жүргүзгөн деп айыптоодо.

Орхан Инанды соттогу көрсөтмөсүндө колу операцияга муктаж экенин, соттун көзөмөлү менен бошотууну дагы бир жолу өтүнгөн. Бирок сот мурдагы чечимди күчүндө калтырып, отурумду кийинкиге жылдырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз