Вторник, 7 мая

Австралия Орусияга жаңы санкция киргизди

0

Австралия, 24-февралда Украинага каршы согуш баштаган Орусиянын экономикалык жана стратегиялык маанидеги 14 мамлекеттик ишканасына каржылык санкция киргизээрин жарыялады.

Австралиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий интернет сайтынан жазуу түрүндө билдирүү жасаган тышкы иштер министри Марис Пэйн санкцияга кабыла турган 14 мекеменин арасында Камаз, Севмаш, Орус темир жолдору жана United Shipbuilding сыяктуу Орусия үчүн маанилүү мекемелердин бар экенин жарыялады.

Австралия өкмөтү катары киргизген санкциялары менен Украинага каршы күрөшүп жаткан Орусиянын экономикасын күчтөндүрүү мүмкүнчүлүгүнө тоскоол болгондорун белгилеген министр Пэйн: «Орус өкмөтү үчүн бул маанилүү киреше булактары менен түзүлө турган келишимдерге бөгөт коюп Орусияга кысымды күчөтүүдөбүз жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин согушун каржылоо мүмкүнчүлүгүн азайтып жатабыз»,-деди.

Пэйн Австралия өкмөтүнүн Украинанын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана украин элин колдоону уланта турганын баса белгилеп: «Биз Орусияны Украинадан аскердик күчтөрүн тез арада чыгарып кетүүгө чакырабыз»,-деп айтты.

Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш башталгандан бери Австралия 600дөй кишиге, биринчи кезекте Путиндин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана Беларустун президенти Александр Лукашенкого, эки өлкөнүн жогорку даражалуу жетекчилерине жана орус олигархтарына санкция киргизген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз