Четверг, 25 апреля

Садыр Жапаров: Тажикстан менен чек ара тилкелерин тактоо жай жүрүүдө

0

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасында такташа турчу иштер жай жүрүп жатканын айтып, тынчтык болсо чечилээрин Фейсбуктагы баракчасына билдирди.

“Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 км чек ара тилкеси бар. Анын 664 км тилкесин такташып бүттүк. 308 км калды. Албетте иштер тез жүрүп, баарын эртерээк такташып алсак жакшы болмок. Бирок менин көз карашымда иштер жай жүрүп жатат. Себеби бир топ тилкелерде талаштуу жерлер калды. Эң негизгиси тынчтык болсо баарын эки тараптуу кызыкчылыкты эске алуу менен чечишип алабыз”- деди өлкө башчысы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз