Воскресенье, 5 мая

НАТО кемелери Балтика деңизине кирди

0

НАТО кемелеринин күнүмдүк операциялар жана машыгууларды жүргүзүү максатында Балтика деңизине киргендигин жарыялады.

НАТОдон берилген жазуу түрүндөгү маалыматта «Туруктуу деңиз тобу 1» жана «Туруктуу НАТОнун минаны алдын алуу тобу 1ден» кемелердин  Балтика деңизине киргендиги билдирилди.

Билдирүүдө Балтика деңизине чектеш союздаш жана  өнөктөш өлкөлөр менен машыгууларга катыша турган кемелердин НАТО келишиминин милдеттерине ылайык ишенимдүү жана  коргонуу жөндөмдүүлүгүн улантуу үчүн бул аймакта иреттүү түрдө жүргүзүлгөн иш – чаранын  бир бөлүгү болору белгиленди.

Эки топтун тең ар кандай союздаш өлкөлөрдүн кемелеринен турганы жана НАТОнун машыгууларга катышуудан оперативдүү миссияларга чейин ар кандай функцияларды аткаруу үчүн үзгүлтүксүз колдонууга ачык экени билдирилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз