Суббота, 4 мая

Түрк уюму майыптуулугу бар жарандарга жардам берди (Фото)

0

Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр ассоциациясынын мүчөлөрү Эмгек министрлигинен жана Кыргызстандагы кызматташтык боюнча түрк башкармалыгынан азык-түлүк топтомун алышты. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Түркиянынн Кыргызстандагы элчиси Ахмед Садык Доган жана түрк кызматташтык башкармалыгынын координатору Осман Уста Кыргыз азиздер ассоциациясынын жана Кыргыз дүлөйлөр ассоциациясынын мүчөлөрүнө азык-түлүк топтомдорун тапшырышты.

Ун, макарон, өсүмдүк майы, күрүч, шекер, чай жана курмаларды камтыган азык-түлүк топтомдору 110 үй-бүлөгө берилди.

Белгиленгендей, ушул күндөрү Эмгек министрлиги Түркиянын кызматташтык башкармалыгы менен биргеликте республика боюнча муктаж болгон 3000 үй-бүлөгө азык-түлүк топтомун сунуштап, аларга азык-түлүк топтомун берди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз