Видео. “Аксунгур“ “Байрактардан” кем калышпайт

0

Түркияда жасалган “Аксунгур” учкучсуз аппараты да “Байрактар” сыяктуу эле аскерий тапшырмаларды ийшиликтүү ишке ашырууда. “Аксунгур” өткөн аптада Түрк аба күчтөрү тарабынан уюштурулган Mavi Vatan 2022 машыгуусунда буталарды таамай жок кылды. “Аксунгур” адглгачкы жолу бутаны өзү таап жок кылган MAM-L деп аталган акылдуу ок-дарыны колдонуп бутаны жок кылды.

“Аксунгур” учкучсуз аппараты Türk Havacılık ve Uzay Sanayii компаниясы тарабынан жасалган. Негизинен душманды аңдып байкоо жүргүзүү, деңиздерди айланып кыдыруу жана душманды жок кылуу кызматын аткарат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз